Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Түркия "Гүленге тиешеси бар" деп айыпталган 295 аскер кызматкерин камакка алат


Фетхуллах Гүлен.
Фетхуллах Гүлен.

Түркиянын прокуратурасы АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлендин уюмуна тиешеси бар деген айып менен 295 аскер кызматкерин камакка алууну тапшырды.

22-февралда жарыяланган билдирүүдө кармалгандардын арасында үч полковник, сегиз майор жана 10 лейтенант бар экени айтылат.

Шектүүлөрдүн Гүлендин адамдары менен телефондук сүйлөшүүлөрү иликтенгенден кийин полиция бир эле убакытта бир нече аймакта рейд жүргүзгөнү кабарланды.

Анкара Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет.

Гүлен 250дөй адамдын өмүрүн алган ал окуяга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандан мурдагы санаалашы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.

Түркияда үч жыл мурда болгон окуялардан кийин "Гүлен менен байланышы бар" деген кине менен 77 миңдей киши камалып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер иштен алынган.

Анкаранын Фетхуллах Гүленди АКШдан өткөрүп алуу аракетинен майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG