Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Венгер бийлиги калктын санын көбөйтүү өнөктүгүн баштады


Венгрия. Будапешттеги мажар парламентинин имараты. Сүрөт 2018-жылдын 25-апрелинде тартылган.
Венгрия. Будапешттеги мажар парламентинин имараты. Сүрөт 2018-жылдын 25-апрелинде тартылган.

Венгрияда калктын санын көбөйтүүгө багытталган “үч бала, үч бөлмө жана төрт дөңгөлөк” деген өкмөттүк өнөктүк башталды.

Өткөн аптада премьер-министр Виктор Орбан үч же төрт балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдетилген насыя жана жогорулатылган жөлөкпул берилерин айткан.

Бул мамлекетте калктын саны 1980-жылдардан тартып 1 миллионго кемип, учурда 9 миллион 700 миңдин тегерегинде. Өкмөттүк программа бала баккан чоң энелер менен таенелерге декреттик өргүү алууга, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын бала бакчалардын кошумча карап беришине мүмкүнчүлүк түзөт.

Оңчул көз караштары менен белгилүү өкмөт башчы Виктор Орбан өлкө калкынын санын көбөйтүш үчүн башка мамлекеттердин жарандарын иммиграцияга тартууга каршы. Ал өзүнүн программасы мажар калкын көбөйтөт деген ишеничте.

Бирок талдоочулар калктын саны көбөйтүү боюнча өкмөттүн үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү программасы бардык өлкөлөрдө жыйынтык бербегенин айтып жатышат.

Маселен, "Boston Consulting Group" борбору 2017-жылы жүргүзгөн иликтөөгө караганда, Жапонияда калк мындай программаларга такыр көңүл бурбай койгон. Орусия менен Сингапурда да балдардын төрөлүшү арбыган эмес.

XS
SM
MD
LG