Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

23-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 23-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Суусамырда түнкүсүн -28…-33, күндүз -10…-15;

Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -9…-14 градус суук болот.

Бишкекте 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 градус суук болсо, күндүз 6…8 градуска чейин жогорулайт.

Шашылыш билдирүү!

22-23-февралда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка - Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 65-90-95-130-чакырымдары, Сары-Таш – Кара-Мык жолунун 98-123-135-чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу участкасы), 67-90-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Каракол-Эңилчек жолунун (Чоң Ашуу ) 45-92-чакырымдарында кар көчкү жана кар күрткүсү түшүшү ыктымал, жолдорго муз тоңот. Айдоочуларга машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

XS
SM
MD
LG