Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Жети-Өгүз районунун кошмо жыйынынын депутаттары өкмөт өкүлдөрү менен жолукту


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району.

Жети-Өгүз районунун кошмо жыйынынын төрагалары Жогорку Кеңештин депутаттары жана биринчи вице-премьер-министр менен жолугуп, райондун көйгөйлүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" кошмо жыйындын төрагасы Алишер Нурбек уулу кабарлады.

Кошмо жыйындын депутаттары райондун ичиндеги жерлерди трансформациялоо маселесин ортого салып, мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйүн куруу жөнүндө кеп курушту. Жолугушууда көп айылдарда таза суу маселеси дагы эле чечилбей келгени айтылды. Транспорт министрлиги райондун жолдоруна асфальт төшөп берерин билдирип, кошмо жыйындын өкүлдөрүн иш планы менен тааныштырды.

Алишер Нурбек уулунун айтымында вице-премьер-министр көтөрүлгөн маселелердин көбүн чечүүгө убада берди.

Жети-Өгүз району жыл сайын "Кумтөр" ишканасынын өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражаттын бир пайызын алат. Кошмо жыйындын өкүлү көп учурда мектеп жана бала бакча курууга Кумтөрдөн бөлүнгөн каражатты сарптоо тууралуу сунуш айтылып келгенин, бирок мындан ары каражат республикалык бюджеттен бөлүнсүн деп талап кылып келишкенин айтты. (KR)

XS
SM
MD
LG