Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

24-февралда Москва шаарындагы ипподромдо көкбөрү оюну өтөт


24-февралда Москва шаарындагы ипподромдо көк бөрү оюну өтөт. Оюнду кыргызстандык мигрант Нурбек Курманалиев уюштурган. Москвалыктарга улуттук оюнду Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустарынын командалары көрсөтөт.

Нурбек Курманалиев февралда Кыргызстандан Москвага 18 ат алып келип, аттарды Раменский айылында багып жүргөн. 2018-жылдын июль айында Москва облусундагы Сергиев Посад шаарында өткөн Евразия фестивалында да кыргыз улуттук оюнун көрсөткөн.

Москвада кыргыз диаспорасында облус-райондор боюнча түзүлгөн мигрант улакчылардын 14 командасы бар. (LzT)

XS
SM
MD
LG