Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын улак тартышы башталды


"Ак-Кула" ат майданы.
"Ак-Кула" ат майданы.

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү оюну өтүп жатат. Оюнду парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков ачты. Бул ирет өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардан куралган командалар улак тартып жатышат.

Жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышууда.

Учурда өкмөт өкүлдөрү менен спорт агенттигинен куралган командалар беттешип жатат. Азырынча эсеп 2:2.

Мелдешти өткөрүү демилгесин депутат Канатбек Исаев көтөрүп, агенттик менен Көкбөрү федерациясы уюштурган. (КЕ/AiA)

XS
SM
MD
LG