Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Скрипалдарды ууландырууга шектүү дагы бир адам тууралуу маалыматтар жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"The Insider" басылмасы менен "Bellingcat" иликтөө тобу Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияга кол салууга шек саналган үчүнчү адамдын өмүр баянын жарыялашты.

Анда Орусиянын аскердик чалгын кызматкери деп айтылып жаткан Денис Сергеев (тыңчы катары алып жүргөн ысымы Сергей Федотов) тууралуу жазылган.

Журналисттердин маалыматына караганда, Сергеев Казакстандын Алматы облусундагы Ушарал шаарында чоңойгон. 1990-жылы Екатеринбургдагы аскердик окуу жайды аяктап, карьерасын Орусиянын Аба-десанттык күчтөрүндө уланткан. 1999-жылы Дагестандагы согушка катышып, жараат алгандан кийин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн. 2000-жылы Москвага барып, аскердик чалгын кызматкерлерин даярдаган Аскердик академияга тапшырган.

"The Insider" басылмасы белгилегендей, Сергеев Скрипалдар менен болгар ишкери Емельян Гебревди ууландыруудан тышкары, Орусиянын чет өлкөлөрдөгү башка бир нече операциясына дагы катышкан болушу мүмкүн. Журналисттер анын Черногориядагы төңкөрүшкө катышканы айтылып жаткан Орусиянын аскердик чалгын кызматкери менен жакындан тааныш экенин аныктап чыгышкан. Мындан тышкары Сергеевдин 2013-жылы Тажикстанга, 2014-жылы Чехияга жана 2015-жылы Түркияга барганы белгилүү болгон. Эксперттер бул сапарлар Сирияга курал-жарак сатууга байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдошууда. "The Insider" буга байланышкан маселелердин чоо-жайын "Bellingcat" менен бирге жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн кийинки бөлүктөрүндө жарыялоону убада кылды.

Сергей Скрипаль менен кызы Юлияга кол салуу ишинде Сергей Федотов аттуу үчүнчү шектүү бар экени быйыл февралдын башында белгилүү болгон. Ага чейин маалымат каражаттары британ тергөөсү тарабынан айыпталып жаткан Александр Мишкин менен Анатолий Чепига тууралуу гана жазып келишкен. Москва бул айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG