Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Бишкекте иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин ассоциациясы түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин ассоциациясы түзүлдү. Ассоциация агенттик аркылуу миграцияга кетип жаткандар менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы маселелерди азайтууга салым кошот.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ассоциациянын башкаруу кеңешинин мүчөсү Канат Чынботоев билдирди:

- Легалдуу иштеген фирмалардын баарынын башын бириктирдик. Ассоциация мигранттарга байланышкан маселелерди чечүү, жумуш табууда аларды туура жерлерге жөнөтүү максатында түзүлдү. Дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун жумуш издеп кетип жаткандар биз менен кеңешип алса болот.

Ассоциацияга жалпысынан 35 агенттик мүчө болгон. Бишкекте иш менен камсыз кылуучу мындай агенттиктердин саны 100дөн ашык. Алардын алды он беш жылдан бери иш алып барат. (AlS)

XS
SM
MD
LG