Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Көкбөрү: Жогорку Кеңеш 2:0 эсебинде өкмөттү утту (видео)


23-февраль, Ата-Мекенди коргоочулапдын күнүнө карата уюштурулган көкбөрү боюнча мелдештин финалында Жогорку Кеңештин командасы 2:0 эсебинде өкмөттүн командасын утуп алды.

Улакты биринчи жолу команданын капитаны Канат Исаев, экинчисин Курманкул Зулушов эңип барып, тайказанга Урмат Саамаев салды. Өкмөт өкүлдөрүнөн куралган команданын капитаны вице-премьер-министр Замир Аскаров.

Жогорку кеңештин командасы буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бобнча мамлекетик агенттигинин командасын 6:5 эсебинде жеңип, финалдык бөлүктө ойноого мүмкүнчүлүк алган. Ал эми Өкмөт командасы журналисттердин командасын 1:0 эсебинде утуп 1-орун үчүн таймашка чыккан.

3-орун үчүн журналисттер менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин командасы ойноду. Жыйынтыгында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин командасы 2:4 эсебинде жеңишти колго алды. Оюн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өттү. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG