Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Кыргыз-казак өкмөт башчылары айыл чарба азыктарына киргизилген чектөөнү талкуулады


Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Аскар Мамин бүгүн, 23-февралда телефондон сүйлөштү.

Анда кыргыз айыл чарба азыктарын казакстандык рынокко чыгарууга киргизилген чектөөгө байланыштуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда бул маселени тез арада, эки тарапка тең пайдалуу шартта чечүү жолдору сүйлөшүлдү.

Аталган маселени чечүү максатында премьер-министрлер Астана шаарында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашкан. Ага Кыргызстандын делегациясы барат.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган.

Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары, алма, курма жана Өзбекстандын анарына коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген.

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул маселе саясатташып кеткенин, Казакстандын тиешелүү мекемесине жана Евразиялык экономикалык комиссияга кат даярдап жатканын билдирген. Дыйкандар 200 миң тоннай картөшкө сатылбай турганын билдирип чыгышты.

XS
SM
MD
LG