Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Индияда алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 133кө жетти


Алкоголдук ичимдикке ууланган ондогон индиялыктар ооруканага жаткырылды.
Алкоголдук ичимдикке ууланган ондогон индиялыктар ооруканага жаткырылды.

Индиянын Ассам штатында сапатсыз алкоголдук ичимдиктен ууланып өлгөндөрдүн саны 133кө жетти. Ондогон адамдар ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме кылып "The Quint" басылмасы жазды. Жабыркагандардын бардыгы чай плантациясынын жумушчулары. Алар колго жасалган ликёрдон ууланган. Штаттын бийлиги ликёр жасоого колдонулган ингредиентке тыюу салды.

Февралдын башында Индиянын түндүгүндө Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында сапатсыз спирт ичимдигине ууланган 110 киши каза болгон. Маалыматка караганда, көбүнесе уулануу мыйзамдуу жол менен жасалган ичимдик жергиликтүү калк үчүн кымбат болгон аймактарда катталууда.

Ассамдагы маасалык уулануу боюнча ичимдикти саткан эки киши камалды.

IANS агенттиги жергиликтүү тургундар мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди өндүрүп, саткандар менен полициянын байланышы бар экенин айтып арызданышканын жазды.

XS
SM
MD
LG