Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Ишкерлер жеңилдиктерди калыбына келтирүүнү өтүнүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ишкерлер "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы жеңилдиктерди калыбына келтирүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин 23-февралдагы жыйынында айтылды. Америка соода палатасынын жетекчиси Зарина Чекирбаева "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы субъектилер үчүн берилген жеңилдиктердин мөөнөтү 2018-жылдын аягында токтотулганын билдирип, жеңилдиктерди кайра калыбына келтирүү керектигин кошумчалады.

“Салыктардын көлөмү көбөйгөндүктөн Бишкек эркин экономикалык аймагындагы көпчүлүк субъектилердин иши кыйынчылыкка кептелүүдө”,- деди Чекирбаева.

Жеткирүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева Евразия экономикалык биримдигинин алкагында көйгөйлөр арбын экенин айтып, өкмөт менен биргелешип тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын белгиледи.

Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин бул жолку жыйынында 2019-жылга карата иш планды бекитүү мерчемделген. Буга байланыштуу ишкерчиликти жана өндүрүштү өнүктүрүү багытында тиешелүү ассоциациялардын жана уюмдардын сунуштары талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестиция тартып, технологияларды колдонууга шарт түзүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана башка милдеттерди ишке ашыруу максатында уюшулган. Анын үч жерде бөлүмү бар, жалпы аянты 346 гектар жерди ээлейт. Кеминде үч миңдей адам эмгектенген чөлкөмдө 20дан ашуун чет өлкөлүк инвестор иш алып барат. Алардын өндүрүмү Ооганстанга, Индияга, Иранга, Казакстанга, Кытайга, Түркияга жана Орусияга экспорттолот.

Өкмөттүн эркин аймактар тууралуу жобосу боюнча бул жерде иштеп жаткан субъектилер өндүрүш, тейлөө жана кызмат көрсөтүү, соода-сатык деген үч түрлүү иш жүргүзө алат.

Өткөн жылдын соңунда Эсеп палатасы киреше-чыгашасына аудит жүргүп, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы акыркы эки жыл аралыгында финансылык жана башка тармактарда он чакты мыйзам бузууга жол бергени аныктаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG