Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Нью-Йоркто “Венесуэладан колуңду тарт!” аттуу марш өттү


Венесуэла менен Бразилиянын чек арасындагы көрүнүш. 22-февраль, 2019
Венесуэла менен Бразилиянын чек арасындагы көрүнүш. 22-февраль, 2019

Нью-Йоркто ишемби күнү “Венесуэладан колуңду тарт!” жана “АКШнын Венесуэлага карата агрессиясына каршы!” аттуу марш өттү. Бул тууралуу “Эл аралык кыймыл борбору” (International Action Center, IAC) деп аталган эл аралык уюм билдирди. Аталган уюмду Кошмо Штаттардын мурдагы башкы прокурору Рэмси Кларк 1992-жылы түзгөн жана ал Вашингтондун аскердик интервенциясына каршы пикирин билдирип келет.

Акция Уолл-стриттеги "Трамп билдингде" башталып, "Oculus" соода борборунда жыйынтыкталды. Нью-Йорктун полиция кызматкерлери маршты токтотууга аракет кылганы жана камоо боюнча коркутуулар болгону борбордун "Твиттердеги" баракчасына жазылды. Баракчага акциядан сүрөт, видеолор жайгаштырылган. Ага караганда, маршка жүздөгөн адамдар катышкан.

“Эл аралык кыймыл борбору” АКШнын агрессиясы боюнча үн катпай отуруу туура эмес экенин, Николас Мадуро жалгыз легитимдүү президент болгонун билдирди.

Венесуэлада оппозициялык лидер Хуан Гуайдо өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялаган жана көз карандысыз шайлоо өткөрүүнү талап кылып келет. Гуайдо АКШдан гуманитардык жардам алууну колдосо, Мадуро буга каршы.

XS
SM
MD
LG