Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Москвада Немцовду эскерген марш өтүүдө


"Немцов маршынын" катышуучулары. Москва, 25-февраль, 2018-жыл.
"Немцов маршынын" катышуучулары. Москва, 25-февраль, 2018-жыл.

Москванын борборунда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскерүү маршы башталды. Ага он миңден ашуун киши катышууда. Акция тууралуу шаар бийлигине кабар берилген. Катышуучулар Страстной бульварынан Академик Сахаров проспектисине чейин жөө басышат. Маршка байланыштуу шаардын бул бөлүгү жабылган.

Иш-чарага ар кайсы саясий партиянын өкүлдөрү, укук коргоочулар, активисттер катышууда. Алардын арасында “Адам укуктары үчүн” кыймылынын башчысы Лев Пономарев, “Тилектештик” кыймылынын лидери Илья Яшин, саясатчылар Геннадий жана Дмитрий Гудковдор, журналист жана коомдук ишмер Николай Сванидзе жана башкалар бар. Катышуучулар "Биздин атыбыз - Борис Немцов"!, “Орусия эркин болот!”, “Путин Орусиянын бетине чиркөө болду!” деп кыйкырып жатышат. Мындан сырткары "Ачык Орусия" уюмунун активисти Анастасия Шевченконун үй камагында отурушуна нааразылыгын билдиришүүдө.

Президент Владимир Путиндин сынчысы Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын Кремлге жакын жайгашкан көпүрөсүндө атып өлтүрүлгөн.

Орусия соту Немцовдун өлтүрүлүшү үчүн чеченстандык беш жигитти айыптап, аларды 2017-жылы июлда узак мөөнөткө түрмөгө кескен. Бирок маркум саясатчынын жакындары менен кызматташтары аны өлтүрүү тууралуу буйрук жогору жактан берилген деген ишенимде. Алар ошол буйрук берген адам же адамдар аныкталып, жазаланмайынча адилеттик орнобойт деп эсептешет. (КE)

XS
SM
MD
LG