Ооганстан Ирандын стратегиялык Чабахар порту аркылуу Индияга алгачкы жүк жөнөттү. 2017-жылы ачылган Индия океанындагы порт негизинен Дели тарабынан каржыланып, Ооганстандын Пакистандан көз карандылыгын азайтмакчы. Чабахарды өнүктүрүү индиялык товарларды Ооганстанга жана Борбор Азиянын мунайга бай өлкөлөрүнө ташууну жеңилдетүүнү көздөйт.
Ооган президенти Ашраф Гани 24-февралда Зарани шаарындагы салтанатта порт Ооганстандын “жүздөгөн айыл-кыштактарын жана миллиондогон оогандарды” дүйнө менен байланыштыраарын белгиледи.
570 тонналык алгачкы жүктү 23 машине тартып кетти. Ооганстандын импорту менен экспортунун көбү Пакистан аркылуу өтөт.
Эки өлкөнүн чек ара аймагы "Талибан" жана башка согушкерлер топтологон кооптуу очокко айланган.
Өткөн ноябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Ооганстан үчүн маанисин эске алуу менен Чабахар портун Иранга каршы санкциялардын тизмесинен чыгарган.
"Талибан" бийлиги кулатылган 2001-жылдан бери Индия Ооганстанды өнүктүрүүгө 2 миллиард доллар сарптады.