Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын аткарылышын өз алдынча баалоонун бет ачары болот.
Программанын негизги максаты - балдар үчүн натыйжалуу жана калыс сот адилетттигинин тутумун түзүү, алардын укуктарын жана кадыр-баркын урматтоо, жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулукту жана кайталап кылмыш кылууну азайтуу, ар бир баланын муктаждыгына аяр мамиле кылуу.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баш болгон ювеналдык юстиция боюнча мекеме аралык координациялык кеңештин мүчөлөрү чакырылган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы 14-17 жаштагылар арасында 1100гө жакын кылмыш кылган учуру катталган. Кыргызстанда жаштар, анын ичинде өзгөчө өспүрүмдөр арасында тоноо кеңири жайылган.
Талдоочулар өспүрүм куракта кылган бейбаштыгы үчүн жаза албай калгандар чоңойгондо андан да оор кылмыштарга коркпой эле барарын белгилешет. (КЕ)