Молдовада шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча парламентке төрт партия өтөт, бирок бир да партия көпчүлүктү камсыз кыла алган жок. Протоколдордун 70 пайызы эсептелип бүткөндөн кийинки жыйынтык боюнча оппозциялык Социалисттик партия бир аз айырма менен алдыда келатат. Ага шайлоочулардын 31% добуш берген.
Андан кийинки орундарга 24-25% менен европачыл ACUM коалициясы жана Демократиялык партия чыккан. Мындан сырткары парламентке ишкер, "Молдованын банк системасынан акча уурдоого тиешеси бар" деп айыпталып, соттун биринчи инстанциясында 7,5 жылга эркинен ажыратылган Илан Шордун партиясы да өтөт. Анын партиясы 9% азыраак добуш алган. Калган 11 партия 6 пайыздык босогодон өтө алган жок.
Алдын-ала талдоо боюнча, Социалисттик партия парламентте 15тин тегерегинде, ACUM коалициясы жана Демократиялык партия 12-13төн, Шордун партиясы 4-5 мандатка ээ болот.
Учурда Демократиялык партия гана парламенттик көпчүлүктү түзүүгө даяр экенин билдирди. Алар менен коалицияга Шордун партиясы гана кошулууга даяр. Калган экөө мындай сунушту кабыл албайт.
Өлкөнүн президенти Игорь Додон добуш берүү алдында сөз сүйлөп, бир да партия парламенттик көпчүлүккө жете албаса, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү варианты карала турганын билдирген.
- Бир да партия парламенттик көпчүлүккө жете албаса, андай көпчүлүктү куруу аракеттери көрүлмөкчү. Бирок эмки айларда эрте добуш берүү өткөрүүнүн ыктымалдыгы жогору, - деди президент Додон жекшембиде.
ACUM коалициясынын төрайымы Майя Санду бул шайлоону "эң демократиялуу эмес өнөктүк" деп атады. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, жекшембидеги шайлоого шайлоочулардын 49 пайызы катышты.