Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)


69 килограммга чейинки салмактагы таймаштардын байге ээлери.
69 килограммга чейинки салмактагы таймаштардын байге ээлери.

24-февралда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду.

Байгелер эркектер арасында 8 салмакта, кыз-келиндер арасында беш салмакта ойнотулду. Мелдешке Кыргызстандан, Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Таиланддан, Белорусиядан жана Монголиядан 200гө жакын мушкер катышты.

Кыргызстандын мушкерлеринен төртөө финалда таймашып, Азат Үсөналиев (52 кг) менен Абдурахман Абдурахманов (69 кг) жеңүүчү болду. Өмүрбек Бегжигит уулу жана Эркин Адылбек уулу атаандашына жеңилип, күмүш медал тагынды. Андан сырткары кыргыз мушкерлери беш коло байгеге ээ болду.

Орусиялык мушкерлер төрт алтын, үч күмүш, эки коло байге алып командалык эсепте 1-орунду ээлешти. Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 42-жолу уюштурулду. (ECh)

Байге ээлеринин тизмеси төмөндөгүдөй:

52 кг:

1) Азат Үсөналиев (Кыргызстан)

2) Вадим Кудряков (Орусия)

3) Ж. Наттапонг (Таиланд)

3) Мирлан Түркбай уулу (Кыргызстан)

57 кг:

1) Альберт Батыргазиев (Орусия)

2) Ильяс Сулейменов (Казакстан)

3) Сирожиддин Абдуллаев (Кыргызстан)

3) Абдумала Халаков (Өзбекстан)

63 кг:

1) Усманов Бахадур (Тажикстан)

2) Дмитрий Асанов (Беларус)

3) Масук Вуттичай (Таиланд)

3) Георгий Лизуненко (Орусия)

69 кг:

1) Абдурахманов Абдурахманов (Кыргызстан)

2) Харитон Агрба (Орусия)

3) Арди Сайлон (Таиланд)

3) Дмитрий Пучнин (Кыргызстан)

75 кг:

1) Аман Казангапов (Казакстан)

2) Өмүрбек Бегжигит уулу (Кыргызстан)

3) Таалайбек Айтбек уулу (Кыргызстан)

3) Глеб Бакши (Орусия)

81 кг:

1) Георгий Кушиташвили (Орусия)

2) Эркин Адылбек уулу (Кыргызстан)

3) Алишер Чаткалбеков (Кыргызстан)

3) Ахматбек Косимов (Өзбекстан)

91 кг:

1) Муслим Гаджимугамедов (Орусия)

2) Ярослав Дороничев (Орусия)

3) Владик Смагликов (Беларус)

3) Максат Марат (Казакстан)

+91 кг:

1) Иван Верясов (Орусия)

2) Нуржан Бекзатов (Казакстан)

3) Абдулла Худорганов (Өзбекстан)

3) Сиевуш Зухуров (Тажикстан)

Кыз-келиндер арасында байге ээлери:

49 кг:

1) Чутхамат Раксат (Таиланд)

2) Назим Кызайбай (Казакстан)

3) Аралим Маясар (Казакстан)

3) Жаргатан Очирбат (Монголия)

57 кг:

1) Нилаван Течасуи (Таиланд)

2) Рано Пархатова (Казакстан)

3) Лаопим Пинвилаи (Таиланд)

3) Жансая Ашырбекова (Казакстан)

64 кг:

1) Шоира Зулкайнарова (Тажикстан)

2) Сиисонтии Судапорн (Таиланд)

3) Алия Абдраимова (Казакстан)

3) Аида Абикеева (Казакстан)

69 кг:

1) Шахноза Йунисова (Өзбекстан)

2) Идимох Холова (Тажикстан)

3) Амина Аманкул (Казакстан)

75 кг:

1) Мавлюда Мавлонова (Өзбекстан)

2) Мягмаржаргал Мюнхбат (Монголия)

3) Алина Вебер (Беларус)

XS
SM
MD
LG