Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Былтыр 522 киши өз жанын кыйган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2018-жылы суицидге барган жарандар көбөйгөн. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов паралментте баяндама жасап жатып үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салышынын башкы себеби болорун белгилеген. Мамытов 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы суицидге байланыштуу 95 факт катталганын айтты. Алардын 56сы эркек, 39у кыз балдар болгон. 92си мектеп окуучулары, үчөө коллеж студенти.

12-февралда Бишкектин четинде өрттөн бир аял жашы жете элек эки баласы менен кошо күйүп кеткен. Ички иштер министрлиги тергөө жүрүп жатканын айтып, азырынча өрттүн себебин расмий билдире элек. Маркумдун кошуналары келин өзүн-өзү өлтүргөнүн айтышууда. Өрт катталганга чейин ал бензин сатып алганы белгилүү болду. Келиндин кайненеси менен мамилеси начар болгону кабарланган.

Былтыр сентябрда Айзат Чыртекова аттуу келин 6-сентябрда кечке жуук Ошто жети айлык ымыркайы менен кошо төртүнчү кабаттан бой таштаган. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Бала башынан жараат алган. Келин үй-бүлөлүк зомбулуктан тажап ушул кадамга барганы айтылган. Ош шаардык соту “киши өлтүрүүгө аракет кылды” деп айыптап, аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Келиндин иши ушу тапта облустук сотто каралууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG