Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Кудайбердиев: "Себаттын" бүтүрүүчүлөрү жазган окуялар текшерилет


"Сапат" лицейлеринин бири.
"Сапат" лицейлеринин бири.

"Твиттерде" #metoosebat деген хэштег менен мурунку "Себат" лицейинин бүтүрүүчүлөрү жазган окуялар текшерилет. Бул тууралуу мурунку "Себат", азыркы "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Нурлан Кудайбердиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, лицейлердеги балдарга карата жасалган мамиле дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө.

- Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди 10-15 жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт, - деди ал. - Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ким эмне болгонунун баарын сурайбыз. Такталат. Бизде окуучуга туура эмес мамиле кылган мугалимдер болуп калса иштен алынат. Эгер кысым же башка одоно мамиле көрсөтүү болсо, биздин окуучулар ачык эле айтып чыгышат. Биз аларды дайыма угабыз.

Мурдагы "Себат" түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү "Твиттерде" #metoosebat деген хэштегдин алдында мектептердеги мугалимдердин окуучуларга кылган мамилесин, окуучулардын арасындагы чоң муштумдук жана башка жагымсыз окуялар тууралуу эскерип жазып чыгышкан.


Учурда "Сапат" билим берүү мекемесине караштуу он алты лицей, төрт мектеп, бир жогорку окуу жайы бар. 90-жылдары түрк лицейлери катарында Кыргызстанда ачылган "Себат" билим берүү мекемелери 2017-жылдан тарта аталышын "Сапат" деп өзгөртүп, аны негиздөөчүлөр курамы Кыргызстандын билим берүү министрлигинин карамагына кирген. Буга Анкаранын бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылына таандык мектептерди, анын ичинде кыймылга таандык делген “Себат” мектептерин да жабууну талап кылганы негиз болгон. Расмий Бишкек "Сапат" өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын, мамлекет үчүн коркунучу жоктугун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG