Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Таластын тургуну тергөөчүнү коррупция боюнча айыптап жатат


Талас.
Талас.

Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Замирбек Сыдыков аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Нурдин Алыбаевди коррупциялык иштерге байланыштуу айыптап жатат. Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында болгон жол кырсыгына күнөөлүү адам ошол тергөөчүнүн айынан жоопко тартылбай жүрөт.

- Тергөөчү күнөөлүү тараптын кызыкчылыгына иштеген. Авария болгон күнү кагышкан эки айдоочунун унааларынын ордун алмаштырып койгон. Бул иштин болгонуна төрт айга жакындап калса да эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат. Мен калыстык издеп Таласта какпаган эшигим калган жок. Бишкекке келип да Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке, Ички иштер министрлигине кире албай койдук. Арызыбыз даяр, жазып койгонбуз. Бирок тоскоолдуктар көп экен. Бир жумадан бери кире албай, бүгүн Таласка кетип жатабыз, - деди Замирбек Сыдыков.

Ал эми Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Болот Өмүралиев “тергөөчүнү жемкорлук үчүн айыптоо негизсиз” деп билдирди:

- Анын баары жалган. Ал тергөөчү тажрыйбалуу, өз жумушун жакшы билген кызматкер. Күнөөлүү тарапты тергөөчү чечпейт да. Аны көз каранды эмес экспертизанын жыйынтыгы чечет. Биринчи жыйынтык боюнча “эки тарап тең күнөөлүү” деп келген. Алар макул болбогондуктан кайра экспертизага жөнөтүлдү. Жыйынтыгы кечээ жакында эле келди. Адам өмүрү кыйылган жерде Талас районунда эч кандай коррупциялык схема болбойт. Биздин башыбыз экөө эмес.

Өмүралиев кошумчалагандай, бул ишти учурда башка тергөөчү карап жатат.

Былтыр 4-ноябрга караган түнү Таластын Кырк-Казык айылында "Хонда Одиссей" жана "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, биринчи унаадагы эки адам каза таап, дагы төртөө жабыркаган. Бул ишти Талас районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Нурдин Алыбаев тергей баштаган. (AlS)

XS
SM
MD
LG