Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Москвада кыргызстандык мигрант поезддин алдында калып мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

33 жаштагы Улукбек Топчуевдин сөөгүн жакындары Кыргызстанга алып келишет. Бул тууралуу "Азаттыкка" ал туулуп-өскөн Баткен районунун Рават айылынын тургундары кабарлашты. Маалыматка ылайык, каза болгон мигранттын артында эки баласы калды.

Бир нече күн мурун социалдык тармактарда поезд коюп кеткен кыргызстандык мигранттын сөөгү Москвадагы өлүкканалардын биринде экени кабарланып, анын жакындары изделип жаткан.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга чет мамлекеттерден эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келген. Анын 90% Орусиядан. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG