Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Аксынын тургуну КСДПнын өкүлү боюнча президентке кайрылды


Аксыдагы Кербен аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Аксыдагы Кербен аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Каныбек Туманбаев Аксы районундагы кадрларды тескеп жатат. Бул тууралуу Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну Гүлүмкан Жороева Сузак районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда президент Сооронбай Жээнбековго айтканын “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Президентке жазган каттарыбыз өзүнө жетпей, кайрылуубузга жооп болбой жаткандыктан атайын Сузакка Сооронбай Жээнбековго жолугуу максатында келдим. Аксыда жергиликтүү кадрларды тескеген КСДПнын өкүлү Каныбек Туманбаев боюнча президенттин өзүнө айттым. Район акиминен баштап, мекеме-ишканалардын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин баарын ушул адам башкарып жатат. Аларды кызматка дайындоо жана бошотуу да Туманбаев аркылуу чечилет. Кезегинде Икрамжан Илмияновдун өкүл баласы катары Аксыны көмүскөдө башкарса, азыр да анын таасири азайган жок. Президентке бул багыттагы кайрылуумду берип, Аксы районуна да эл менен жолугушууга келип кетүүгө чакырдым, – деди Жороева.

Каныбек Туманбаев "Азаттыкка" жеке ишкер катары саясатка аралашпай тургандыгын жана айтылып жаткан дооматтарга макул эмес экенин билдирди. Бирок ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү экендигин ырастады.

Каныбек Туманбаев 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КСДПнын атынан тизмеде 67-орунда катышкан. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада Баткен жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, эл менен жолугушкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG