Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө мечит салып жаткан куруучулар 60 метрлик бийиктиктен кулап түштү.
"Азаттыктын" тажик кызматы күбөлөрдүн сөзүнө таянып жазып чыккандай, окуя 25-февралда эртең менен болгон. Маалыматка караганда, куруучулар борбордук мечиттин мунараларынын бирин оңдоп жаткан кезде тепкич түшүп кеткен. Он чакты курулушчу ооруканага жеткирилген.
Алар мечит салып жаткан ирандык компаниянын буюртмасын аткарып жаткан. Жабыркагандардын абалы азырынча белгисиз.
Тажик баш калаасындагы бул курулуш Борбор Азиядагы эң чоң мечиттердин бири болору айтылган. Ал тажик президенти Эмомали Рахмондун колдоосу менен салынып жатат.