Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Песковдун кызы Европарламентте иштеп жатканы ачыкка чыкты


Елизавета Пескова.
Елизавета Пескова.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун кызы, 21 жаштагы Елизавета Пескова Европарламентке Франциядан депутат Эмерик Шопраддын кеңсесинде тажрыйба үйрөнүп иштеп жатканы белгилүү болду.

Бул кызмат ага Европарламенттин маалыматтар базалары менен имараттарына, анын ичинде ички компьютердик түйүнгө кирүүгө толук мүмкүнчүлүк берет. Анын аты-жөнү Европа парламентинин сайтында ачык жазылган.

Эмерик Шопрад «Азаттыктын» орус кызматына өз командасында Орусиядагы таасирдүү аткаминердин кызы иштей турганын ырастап, бул Елизавета Пескованын Европарламенттеги экинчи жолку тажрыйба алмашуусу экенин айтты:

- Пескова айым Орусиядагы маанилүү адамдын кызы. Студент катары ал окуусунун алкагында тажрыйба үйрөнүүгө башка жаштардай эле укугу бар. Анын үстүнө ал өз өлкөсүндө бир да жеке менчик же коомдук мекемелерде иштебейт. Ошондуктан бул жерде эч кандай маселе болбошу керек.

Эмерик Шопрад - Европарламенттин чет элдик иштер боюнча комитетинин мүчөсү, Евробиримдик менен Орусиянын кызматташтыгы боюнча комитеттин делегаты. Ал Кремлди жактаган позициясын эч качан жашырган эмес.

2014-жылы Крымды аннексиялоо учурунда Москва уюштурган «референдумда» Эмерик Шопрад эл аралык байкоочу болгон. Евробиримдиктин позициясына каршы келгенине карабай, референдумду «өзүн актады»​ деп тааныган.

Ал эми Елизавета Пескова - Дмитрий Песковдун тун кызы. Ал сыяктуу Европарламентке үйрөнчүк болгондор европалык салык төгүүчүлөрдүн эсебинен түзүлгөн депутаттын бюджетинен маяна алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG