Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугуу үчүн Вьетнамга сапар алды


Түндүк Корея менен Вьетнамдын туулары.
Түндүк Корея менен Вьетнамдын туулары.

АКШнын президенти Дональд Трамп 25-февралда Вашингтондон Вьетнамга учуп кетти. Ал Ханой шаарында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен экинчи саммитин өткөрөт.

Эки өлкөнүн башчылары 27-28-февралда корей өзөктүк программасын талкуулаш үчүн жолугат.

Трамп Вашингтондон чыгаар алдында «Твиттерге»: «Толук куралсыздандыруудан кийин Түндүк Корея бат эле экономикалык өсүштүн генератору болот. Ансыз мурда кандай болсо, ошондой бойдон калат. Төрага Ким туура чечим кабыл алат»​, - деп жазды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн чопкутталган поезди менен Пхеньяндан Ханойго 23-февралда жөнөп кеткен. Вьетнамга 26-февралда жетет.

Алгачкы саммит былтыр 12-июнда Сингапурда өткөн. Анда эки тарап «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну» үстүртөн макулдашкан.

XS
SM
MD
LG