Өзбекстандын жеке менчик компаниялары жаңы түзүлгөн келишимге ылайык, коңшу өлкө Кыргызстандан картөшкө сатып ала баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.
- Жеке менчик компаниялар менен беш миң тоннага келишим түзүлгөн. Мындан сырткары он чакты жеке менчик компания келишими жок эле келип сатып алып жатат. Аларга шарт түзүп берип жатабыз, - деди Мурашев.
Картөшкө сортуна карап 5,5-7,5 сомдон сатылууда.
Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына да коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар чыгып жатканы менен негиздеген.
Бул маселени чечүү максатында кыргыз-казак премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин 23-февралда телефондон байланышып, Астана шаарында өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашкан.
Министрдин айтымында, Казакстанда өкмөт башчы жаңыдан дайындалганына байланыштуу кыргыз делегациясынын Астанага барышы бир-эки күнгө жылдырылды. (КЕ)