Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Бишкек мэри орун басарларын алмаштырды


Бишкектин мэриясы.
Бишкектин мэриясы.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон буйрукка ылайык, Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген Татьяна Кузнецова социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды.

Транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Анын ордуна мэриянын жер ресурстары боюнча башкармалыгын жетектеген Азизбек Алымкулов келди.

Мэрдин дагы бир буйругу менен капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген Уланбек Азыгалиев шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрдин орун басары болду. Ал эми Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов Азыгалиевдин ордуна барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Вице-мэр Рыспек Сарпашов ордунда калды. Ал бул кызматка былтыр август айында дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG