Бишкек шаардык ИИБнин маалыматы боюнча, бычак жеген жаран 19 жашта болгон.
24-февралда Ала-Тоо аянтында жаш жигиттердин ортосунда чатак чыгып, эки адам бычак жеген.
Ооруканага жеткирилгенден кийин алардын бири операция учурунда каза болгон. Экинчиси ооруканада.
Бул иш боюнча 23 жаштагы Т. А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Ал эми иш Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү («Ден соолугуна оор залал келтирүү») менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө. (ZKo)