Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Журналист Улугбек Бабакулов Франциядан баш паанек алды


Улугбек Бабакулов.
Улугбек Бабакулов.

Франция кыргызстандык журналист Улугбек Бабакуловго качкын макамын бергенин «Фергана» агенттиги жазды. Макамды берүү эрежелерине ылайык, Бабакулов кайсы бир убакка чейин Кыргызстанга келе албайт жана чет өлкөдөгү элчиликке, дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрыла албайт.

Бабакулов Франциядагы Качкындар жана жарандыгы жок адамдар башкармалыгынан ушундай мазмундагы маалымдама алганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабакуловго «Фергана.ру» сайтына жазган макаласында «улут аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 2017-жылы кылмыш ишин козгогон. Бабакулов бул айыпты четке каккан.

Журналист жеке коопсуздугуна байланыштуу ошол эле жылы жайында Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланган. Учурда ал Францияда жашайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG