Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөп берет


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банктан алган турак жай ссудасынын калган бөлүгүн толугу менен төлөп берет. Бул тууралуу Абдыгулов 26-февралда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан бул окуя боюнча Башкы прокуратура өз учурунда текшерүү жүргүзгөн.

Анын натыйжасында ссуданы эсептен чыгарууда мыйзам бузуу болбогону аныкталган. Буга карабай, Улуттук банктын төрагасы ссуданын эсептен чыгарылган бөлүгүн да толугу менен мамлекетке төлөп берүүнү чечти. Муну төрага өзүнүн жана Улуттук банктын аброюна шек кетпесин деген ниети менен түшүндүрдү.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак жай ссудасы эсептен чыгарылганы былтыр октябрда ачыкка чыккан. Башкы банк бул маселе боюнча түшүндүрмө берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын маалымдаган.

Жалпысынан, 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG