Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Боронов: Жолдордун курулушу мөөнөтүнөн кечигүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда өлкөдө жол салуу боюнча 13 долбоор ишке ашып жатат. Анын ичинен төрт долбоор боюнча иштер түрдүү себептер менен артта калууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Түндүк-Түштүк алтернативалуу жолундагы, Бишкек - Кара-Балта, Ош - Баткен - Исфана, Исфана - Кайрагач жолдорундагы курулуштар белгиленген мөөнөттөн артта калып жатат.

Кубатбек Боронов буга жол салууда кошумча тоскоолдуктар болуп жатканын себеп кылып, түндүк-түштүк альтернативалуу жолун курууда туннелдерди салууда оорчулук болуп атканын айтты. Ал эми Бишкек-Кара Балта жолунда жергиликтүү бийлик жакшы иш алып барган эмес, деди ал. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG