26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызын кароону улантты. Бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгышмак. Бирок «Апрель» телеканалынын адвокаттары доогерлер «ар-намысыбызга шек келтирилди» деген сөздөргө лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү соттон өтүнүштү. Доогер тарап ага каршы чыкты. Бир нече убакыт кеңешүү бөлмөсүнө кеткен сот бул өтүнүчтү четке какты.
Бул маселе боюнча кийинки соттук отурум 28-февралда уланат.
Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат. (ZKo)