Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Кызыл-Кыяда баңгизат алып жүргөн өзбекстандык жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 22-февраль күнү Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери Өзбекстандын Маргалаң шаарынын 38 жаштагы тургунун кармаган. Анын жанынан өзгөчө жыты бар, жашыл-күрөң түстөгү салмагы 21 граммды түзгөн зат күбөлөрдүн катышуусунда алынган.

Андан соң ал убактылуу жашаган Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы үйдөн ширеңкенин кутусуна сактаган 21 граммдан ашыгыраак баңгизатка окшош, өзгөчө жыты бар зат табылып, Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Экспертизанын корутундусунда бул алынган зат нашаа экендиги аныкталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
(JsA)

XS
SM
MD
LG