Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Баткендиктер кыргызстандыктарга каада-салт чыгымдарын азайтууну сунуш кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 25-февралда атайын жыйын куруп, аш-тойлордо, каада-салттарда ашыкча чыгым болуп жатканын талкуулады.

Анда айтылган маалыматтарга караганда, облус аймагында эле былтыр сүннөт той, жентек той, тушоо кесүү сыяктуу той-мааракелерди эске албаганда, 2131 маркумду акыркы сапарга узатуу, 3912 үйлөнүү үлпөтү өткөн. Ал үчүн 1 млрд. 251 млн. сом каражат жумшалган. Ал эми үлпөт той өткөрүп, баш кошкон жаш жубайлардын 672си ажырашып кеткен. Жыйындын катышуучулары мындай той-мааракелерге чачылган каражат элдин жакшы жашоосуна, билим алышына, ден соолугуна кам көрүшүнө тоскоол болуп жатканын белгилешти. Ошондой эле жыйында каада-салттардагы ашыкча чыгмдарды чектеш үчүн Кыргызстан калкына атайын кайрылуу кабыл алынды.

Кайрылууда: «Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында аш-тойлорду ысырапсыз өткөрүү боюнча талкуулар жалпы элдик колдоого ээ болуп, аларга кеткен чыгымдар аймактын жашоо шартын жакшыртууга, жардамга муктаждарга колдоо үчүн жумшала баштады. Биз кыргыз элинин көөнөрбөс, нарктуу каада-салтына каршы эмеспиз. Биз кыргыз элин жакырчылыктын сазына батырган ашыкча ысырапчылыкка каршыбыз. Каада-салтыбыз үчүн уюткулуу улутубуз бар. Банктан насыя алып той өткөргөн куру намыстан көрө келечегибизди ойлоп, нарктуу каада-салтыбызды бекем туталы. Миллиондогон акча каражаттарын бөөдө коротпой, турмуш-тиричиликти оңдойлу», - деп айтылат.

Баткен облусу боюнча бир жылда 4 миңдей үйлөнүү тою өтсө, ошончо эле сүннөт тойлору болот. Мындан тышкары маркумду акыркы сапарга узатуу, бешик той, тушоо кесүү сыяктуу каадалар да бар. Мындай иш чараларга облус боюнча бир жылда төрт миллиард сомдой каражат сарпталаарын экономисттер эсептеп чыгышкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG