Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Ирандын тышкы иштер министри кызматтан кетерин жарыялады


Мухаммад Жавад Зариф.
Мухаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф кызматтан кетерин 25-февралда «Инстаграмдагы» баракчасына жазды. Зариф кызматта турган кезде кетирген бардык кемчиликтери үчүн кечирим сурады.

Анын кызматын тапшыруу боюнча чечиминин себептери белгисиз. Бирок Ирандын президенти Хасан Роухани анын арызын канааттандырганы тууралуу расмий маалымат келе элек. Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү «Инстаграмдагы» баракча Зарифке таандык экенин ырастаган.

Ирандагы расмий маалымат каражаттары Зарифтин айткандарын бышыктап, бирок Хасан Роухани анын кызматтан кетишин кабыл алар-албасы белгисиз экенин билдиришкен.

Жавад Зариф Ирандын Тышкы иштер министрлигин 2013-жылдан бери жетектеп келген. Ал Тегеран менен өзөктүк келишим түзүү маселесине жооптуу болчу.

2015-жылы Иран менен дүйнөдөгү алты ири мамлекет – АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон келишимде «Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Иранга каршы санкциялар жеңилдетилет» деп айтылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп былтыр майда өз өлкөсү 2015-жылдагы келишимден чыкканын жана Иранга каршы санкциялар акырындык менен калыбына келтириле турганын жарыялаган. Бул кадамга ал Иран баллистикалык ракеталарды утур-утур сынап, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү террордук топторду колдоо менен келишимдин «маңызын» бузуп жатканын жүйө келтирген.

АКШ менен Израилдин бийлиги төрт жыл мурда түзүлгөн келишим ирандыктарга өзөктүк куралды жашыруун чыгарууну улантууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет. Тегеран бул айтылгандарды четке кагып келет. Евробиримдик АКШ менен макул болбой, Вашингтондун санкцияларынан буйтап өтө турган чараларды иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG