Мектепте чет өлкөлөрдөн тажрыйба алып келген жергиликтүү программисттер жыл сайын ондогон жаштарды керектүү жана көп маяналуу адистикке даярдашат. Мындай демилгени ПРООН, GIZ сыяктуу эл аралык уюмдардын колдоосунда шаар жетекчилиги да колго алды. Шаардык мэрия IT мектеп үчүн имарат бөлүп берди, азыр аны оңдоо иштери жүрүп жатат. Донордук уюмдар болсо техникалык, консультативдик жана тажрыйба алмашуу жагынан колдоо көрсөтүшмөкчү. Мектеп март айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, IT мектепти Кыргызстандагы Программа түзүүчүлөр ассоциациясы жана Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы да колдой тургандыгын билдирип, бул багытта кызматташуу боюнча атайын меморандумга кол коюлду. Долбоор президент Жээнбеков жарыялаган «2019-жыл - аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын» программасынын алкагында ишке ашууда.
Ош шаарындагы IT мектеп тарабынан заманбап, жаңы маалыматтык технологиялар жаатындагы адистер даярдалып, өлкөнү, аймакты санариптештирүүдө жакшы өбөлгө түзүлмөкчү. (MdN)