Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Тимошенко президентке импичмент жарыялоого чакырды


Юлия Тимошенко.
Юлия Тимошенко.

Украинадагы "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко башка фракциялар менен бирге президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоо жараянын баштай турганын билдирди.

Тимошенко бул тууралуу өлкөнүн жогорку даражалуу аткаминерлеринин армиядагы махинацияларга катышы тууралуу журналисттик иликтөө чыккандан кийин, 26-февралда Жогорку Радада айтты. Ал армиядагы уурулукту мамлекеттик чыккынчылыкка теңеп, президент бул "пирамиданын" башында турганын белгиледи.

Украинада президентке импичмент Баш мыйзамдын 111-беренесине ылайык, ага мамлекеттик чыккынчылык жана башка кылмыштар боюнча айып тагылганда жарыяланат.

Bihus.Info сайтынын журналисттеринин иликтөөсү 25-февралда чыккан. Анда армиядагы мыйзамсыз акча уурдоонун артында Петро Порошенконун айланасындагы адамдар турганы айтылган. Порошенко бул айтылгандарды иликтөөнү укук коргоо органдарына тапшырганы кабарланган.

Украинада президенттик шайлоо 31-мартта болот. Ага Тимошенко да, Порошенко да катышат.

XS
SM
MD
LG