Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

ЖЭБдеги коррупция үчүн айыпталган сегиз кишинин соту уланат


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын соттук ишин кароону улантат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Айыпталуучулардын бири, мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын адвокаты Улан Дастан уулу «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, анда «баштапкы соттук угуу» процесси уланат. 18-февралда башталган териштирүү жабык өтүп, ага адвокаттардан башка эч ким кире алган эмес. Соттук отурум жумасына бир жолу - шаршемби күндөрү өтүп турары белгилүү болгон. Ишти судья Инара Гилязетдинова карай тургандыгы кабарланган.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурунку финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды төгүндөп келе жатат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG