Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Баласы менен бийиктен боюн таштаган келиндин иши сотто каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Ош облустук соту жети айлык баласы менен төртүнчү кабаттан боюн таштаган келиндин ишин карайт. Адвокат Мухайо Абдураупова «Азаттыкка» үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ушундай жолго барган келиндин ишин кайра кароону соттон өтүнүп жатканын билдирди.

Айзат Чыртекова аттуу келин 6-сентябрда кечке жуук Ошто жети айлык ымыркайы менен кошо төртүнчү кабаттан бой таштаган. Экөө тең ар кандай жараат алып, аман калышкан. Милиция аялга каршы кылмыш ишин козгоп, шаардык сот аны «киши өлтүрүүгө аракет кылды» деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан.

- Күйөөсүнө карата өзүнчө иш болгон. Бирок тергөөчү баш тартып, ал соттолгон күнү «адамды өлүмгө алып келген жагдайлар жок» деген негизде күйөөсүнө байланыштуу ишти кыскартуу боюнча токтом чыгарып жатат, - деди адвокат.

Ар кандай сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылганын айткан. Бул ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат деген кеп. Аялдардын 7% кош бойлуу кезинде зомбулукка дуушар болгон.

Аялдар абагында жазасын өтөп жаткан 350 аялдын жүзгө жакыны «Киши өлтүрүү» беренеси менен соттолгон. Бул жалпы соттолгондордун 25% түзөт. Алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG