Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

АКШ Конгресси Трамптын өзгөчө кырдаал боюнча сунушун четке кагууда


АКШ менен Мексиканын чек арасы.
АКШ менен Мексиканын чек арасы.

Конгресстин төмөнкү палатасынын мыйзам чыгаруучулары президент Дональд Трамптын чек арага дубал куруу боюнча сунушуна каршы резолюцияны ортого салышты. Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасында 26-февралда добуш берүү болуп, 245 мыйзам чыгаруучунун 182си резолюцияны колдоду. Аларга 13 республикачыл да кошулду.

Резолюциянын максаты Мексика менен АКШнын чек арасына дубал куруу боюнча Трамп сунуш кылган улуттук декларацияны токтотуу болуп саналат. Бул резолюция Республика партиясы үстөмдүк кылган Сенатка жиберилди. Демократ конгрессмендер жана айрым республикачылар дубал курууну пайдасыз, каражатты текке кетирген идея деп эсептешүүдө.

Дональд Трамп коңшу өлкөдөн келген мыйзамсыз мигранттар менен баңгизаттардын жолун бууш үчүн дубал курууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG