Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Аймактарды өнүктүрүүгө арналган конференция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» деген конференция ишин баштайт. Улуттук филармонияда 27-28-февраль күндөрү өтө турган иш-чаранын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, быйыл да өзгөчө көңүл аймактагы ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесине бурулары айтылган.

Мамлекет башчы 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялап, 2500ден ашуун адам жаңы жумуш орундары менен камсыз болуп, 200дөн ашуун ар кандай багыттагы ишканалар иштей баштаганын белгилеген. Коомчулукта бул жыл көрнөк-жарнактар менен чектелгени айтылып, сындагандар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG