Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

«Белизгейт» ишинен «жашыруун» деген гриф алына элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен «жашыруун» деген гриф алына элек. Мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» буга байланыштуу документтер Башкы прокуратурага түшө элек экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлүп иштеп жатканын мекеменин басма сөз кызматы былтыр декабрдын башында кабарлаган. Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилиши керек болчу.

УКМК комментарий берген жок.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерге Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Башкы прокуратура саясатчылардын аты аралашкан кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошондуктан андагы «жашыруун» деген грифти алып салуу сунуш кылынган. Депутаттар «Сегизбаев парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн тез арада жоопко тартылышы керек» деген оюн билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG