Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Жээнбеков: Соттук-укуктук реформа коррупцияны жоюуну көздөйт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул тууралуу 27-февралда «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» деп аталган жыйында сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчы ошондой эле жаңы кодекстерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да окуп, терең түшүнүк алууга тийиш экенин белгиледи. Анын айтуусунда, соттук-укуктук реформа жаңылган адамдарды түрмөгө салбай, аларды оңдоого өбөлгө түзөт. «Жаңы кодекстерди ишке киргизиш үчүн коомчулуктун жардамы керек. Бул реформа - сот, укук коргоо органдарынын кызыкчылыгын эмес, жарандардын укугун коргоо» деп белгиледи президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жыйында корррупция жөнүндө да айтып, паракорчулук менен күрөш уланарын билдирди.

Ушул тапта Улуттук филармонияда «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» деп аталган жыйын өтүп жатат. Ага бардык облустардын жана райондордун жетекчилери катышууда. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG