Эсеп палатасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде 2017-жылы бюджеттик каражаттардын сарпталышы боюнча текшерүү жүргүздү. Текшерүү учурунда айлык акыны негизсиз төлөө, бюджеттик жана насыя каражаттарды максатсыз пайдалануу, дебитордук карыздарды жашыруу сыяктуу бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, 4,4 млн. сом туура эмес пайдаланылганы аныкталган, анын ичинен 3,5 млн. сом Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында "Ишкер" деп аталган чакан насыя агенттигин каржылоого сарпталган.
Ал эми 3,6 млн. сом Балыкчы шаарындагы, Биринчи май, Аксы, Ноокен жана Ак-Талаа райондорундагы социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында, Жалал-Абаддагы психоневрологиялык ооруканада айлык акыны негизсиз төлөө үчүн сарпталып кеткен. Ошол эле учурда министрликтин 7 мекемесинде айлык акы төлөөдө 5,5 млн. сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Жалпысынан 20 миллион сомго жакын каражат максатсыз пайдаланылган.
Мындан тышкары Ленин, Бакай-Ата, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Кадамжай райондорундагы социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында "мамлекеттик сатып алуулар" боюнча мыйзам да бузулган деп жазылат Эсеп палатасынын билдирүүсүндө.
Текшерүүнүн корутундусу мамлекет башчыга, Жогорку Кеңешке, Коопсуздук кеңешине, өкмөткө жана башка тиешелүү органдарга жиберилген.
2017-жылы аталган министрликти Таалайкүл Исакунова жетектеп турган. Ал былтыр октябрь айында чет элдик сапарларга байланыштуу чыккан чырдан улам орун басарлары менен чогуу кызматтан кеткен. Исакунованын ордуна Улукбек Кочкоров министр болуп дайындалган. (ZKo)