Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

ЖЭБ боюнча сот: Адвокаттардын өтүнүчү аткарылган жок

Бишкек ЖЭБ. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек ЖЭБ. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча каралып жаткан соттук териштирүүдө айыпталуучулардын адвокаттары бул иш тууралуу Башкы прокуратуранын айыптоо корутундусун артка жиберүүнү өтүнүштү. Бирок аны сот четке какты. Ал эми жактоочулардын «ЖЭБди модернизациялоодо 111 млн. доллар зыян келтирилген» деген экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүчүн сот карап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» айыпталуучу Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди:

- Мыйзам боюнча тергөөчү өзүнүн экспертиза дайындоо тууралуу токтомун эксперттерге жиберип жатып, жактоочуларды жана айыпталуучуларды ошол токтомдун мазмуну менен тааныштырууга тийиш. Айыпталуучулар ал эксперттерге ишенбестик көрсөтүп же өзүнүн суроолорун бере алышат. Бирок айыпталуучулар ошол укуктарын пайдалана алышкан эмес. Анткени, аларды токтом менен эмес, эксперттердин корутундусу менен гана тааныштырышкан.

Бул өтүнүч боюнча сот чечими түштөн кийинки отурумда белгилүү болот.

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБдеги коррупцияга байланыштуу айыпталып жаткандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу жабык өтүп жатат.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды төгүндөп келе жатышат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан.

XS
SM
MD
LG