Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Алжирде студенттер президентке каршы акцияга чыгышты


Алжирдеги студенттердин нааразылык акциясы. Оран шаары. 26-февраль, 2019-жыл.
Алжирдеги студенттердин нааразылык акциясы. Оран шаары. 26-февраль, 2019-жыл.

Миңдеген алжирлик студенттер бешинчи күнү катары менен нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Жаштар президент Абделазиз Бутефликанын бешинчи мөөнөткө барышына каршы.

Күбөлөр көчө жүрүштөрү баш калаа Алжирден башка да шаарларда болуп жатканын айтышууда. Полиция кампустан чыгарбай тосуп, көчөдөгү жүрүшчүлөргө кошулууга тоскоол болгондуктан айрым студенттер факультеттердин өзүндө митинг уюштурушту.

81 жаштагы Бутефлика Алжирди 1999-жылдан бери башкарып келет. Ал алты жыл мурда инсультка кабылгандан бери коомчулукка азыраак чыгып, майыптар арабасында отурат. Жакын арада ал Женевадагы ооруканага дарыланууга барары расмий кабарланган. Бирок өлкөнүн премьер-министри Ахмед Уяхя Бутефликанын дагы бийликте туруп, президент болууга кудурети жетерин айткан.

Студенттердин нааразылыгы 23-февралда башталган.

XS
SM
MD
LG