Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Дүйнөдө жетинин бири мигрант экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө ар жетинчи адам - мигрант. Бул тууралуу Алматыда мигранттардын укуктарына жана аларды медиада чагылдырууга арналган семинарда Эл аралык миграция уюмунун эксперти Ирина Черных билдирди.

Уюмдун эсебинде, мигранттар Түндүк Америкага, Европага жана Саудияга көп барат. КМШ мамлекеттеринин, анын ичинде Борбор Азиянын жарандары Орусияда көбүрөөк иштешет.

27-февралда башталган үч күндүк бул жыйынды Эл аралык миграция уюму «Интерньюс» менен кошо уюштуруп, ага Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Казакстандан отуздай журналист жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Эл аралык эмгек уюму 2018-жылдын этегинде дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны 164 миллионго жеткенин билдирген. Анын 68 миллиону аял. Эгер согуш болгон аймактардан качып, башка мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болгондорду кошсо, дүйнөдөгү мигранттардын саны 250 миллиондон ашат.

Мигранттар саны 2013-жылдан кийин көбөйө баштады.

Кыргызстандан Орусияга кетип жаткандардын саны расмий эсепте 500 миңден 800 миңге чейин, расмий эмес эсепте миллиондон ашык экени айтылат. Андан тышкары, кийинки жылдары Түркияга, Түштүк Кореяга жумуш издеп кеткен кыргызстандыктар да көбөйүүдө. (SЕ)

XS
SM
MD
LG