Кыргызстанда 2019-жылдын эки айында өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын 91и табылып, сегизи издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «48 саатка жогол» оюнуна түшүндүрмө берген учурда билдирди.
Убагында дайыны чыкпай кеткендердин теңинен көбү эркек балдар, 43ү кыздар. Алардын он чактысы адашып кеткенин айтса, басымдуу бөлүгү ата-энеси менен урушканы үчүн үйдөн чыгып кеткенин түшүндүрүшкөн.
Дайынсыз жоголгон жана табылган өспүрүмдөрдүн көбүн алты жаштан он төрт жашка чейинкилер түзөт. Арасында беш жашка чейинки алты бала бар.
27-февралда Билим берүү жана илим министрлиги акыркы убакта өспүрүмдөр арасында тарап жаткан «48 саатка жогол» аттуу виртуалдык оюндун кесепеттери тууралуу окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрмө берүүнү мектептердин жетекчилерине тапшырган.
ИИМ өспүрүмдөрдүн жоголушу «48 саатка жогол» оюну менен байланышы жок экенин белгилеп, бирок ата-энелерди өспүрүмдөрдүн Интернет мейкиндигиндеги коопсуздугу жөнүндө эстен чыгарбоого чакырды.
Социалдык тармактарда күчөп жаткан «48 саатка жогол» деген оюндун эрежеси боюнча, ага катышкан бала эч кимге айтпай эки суткага дайынсыз жоголушу керек. Оюндун максаты - көпчүлүктү кабатыр кылуу. Дайынсыз жоголгон адам жөнүндө канча көп айтылып, маалыматтар бөлүшүлсө, ага ошончолук көп упай берилери айтылат.
Мурдагы жылдары Кыргызстанда балдар арасында виртуалдык «Момо», «Көк кит» аттуу кесепеттүү оюндар пайда болуп, «өспүрүмдөрдү суицидге түртүп жатат» деген маалымат ата-энелерди, балдарды да дүрбөлөңгө салган. (КЕ)