Түрмөдөгү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскарова, адвокат Валериан Вахитов жана «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишти.
Анда быйыл күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы кодекстерге ылайык жашы 60тан ашкан соттолуучуларга жеңилдик берүү тууралуу өтүнүч жазылган.
«Азыркы өкмөттүн кадамдары БУУнун, Нелсон Манделанын принциптерине, гумандуулукка шайкеш келиши керек. Ошондуктан ал жерде 60тан ашкан, оорулуу, жапа чеккен адамдарды альтернатива аркылуу же боштондукка, же үй камагына чыгарыш керек. Алардын катарында Мурат Суталинов менен Азимжан Аскаровду айтып жатабыз. Аялдар абагында, башка түрмөлөрдө жапа чеккен, кароосуз, ооруп жаткан адамдар көп», - деп жазылган кайрылууда.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
Ал эми 2010-жылдын апрель окуясынан кийин 20 жылга соттолгон Мурат Суталинов «өсмө оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткен» деген жүйөнү дарыгерлер айтып жатышат. Ленин райондук сотунун судьясы аны үй камагына чыгарууга уруксат берген эмес. Адвокат Бишкек шаардык сотуна арызданган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы 50 жаштан жогорку соттолуучулардын саны 953 деп көрсөтүлгөн. (КЕ)